22-июль күнү саат 04:23 чамасында Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3 баллга жеткен.
Жердин силкиниши Нарын районунун Ак-Кыя айылында — 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.