Нарында 177,8 млн сомго №2 мектептин кошумча корпусу салынат

Нарында 177,8 млн сомго №2 мектептин кошумча корпусу салынат

Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы №2 мектепке кошумча корпус куруу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка караганда, кошумча имаратты курууга 177 млн 836,2 миң сом каралган. Ал 3 кабаттуу болуп, 500 орунга эсептелип салынат.

Тендер боюнча арыздар 1-июнга чейин кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>