Нарындагы жайыт жаңжалы: бир адам өзүн өрттөөгө аракет кылды – видео

Нарындагы жайыт жаңжалы: бир адам өзүн өрттөөгө аракет кылды – видео

Нарын районунун Жерге-Тал айылындагы жайыт жаңжалы дагы эле токтой элек.

Жергиликтүү эл өздөрүнө тиешелүү болгон Кумбел жайлоосун Кочкорлуктарга ижарага берүүгө каршы чыгып келишет.

9-июнда жергиликтүү тургундар менен милициянын ортосунда кагылышуу болду.

Анда бир адам, нааразычылыкка чыкканы үчүн ага айып салынганын айтып,  өзүн өрттөөгө аракет кылды. Милиция менен эл аны токтотуп калды.

Жерге-Тал аймагынын тургундары буга чейин адилеттүү чечим талап кылып, президентке дагы кайрылышкан.

Облустук бийлик бул маселени эки жылдан бери чече албай келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>