Нарынга өрт өчүрүүчү техникалар жеткирилди

Нарынга өрт өчүрүүчү техникалар жеткирилди

Кечээ, 11-мартта Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнө жаңы өрт өчүрүү техникалар тапшырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жакында эле Россиядан Кыргызстанга келген “КамАЗ” үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү атайын унааларынан Нарын облусуна 7 техника бөлүнүп, райондук өрт өчүрүү бөлүмчөлөрүнө таратылды.

Алсак, Жумгал районуна 2, Кочкор районуна 1, Ат-Башы районуна 2, Ак-Талаа районуна 2 унаа бөлүндү. Облустун өрт өчүрүүчү бөлумдөрү 95 пайыз жаңы унаалар менен камсыздалды. Мындан тышкары министрликтен берилген 2 JAC, 1 КамАЗ, 1 УАЗ унаалары ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгына салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Россия Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү техника берген.

 

Орусия Кыргызстанга жардам катары 40 өрт өчүрүүчү техника берди — сүрөт

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>