РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
Бишкекте айдоочуларга коркунуч жараткан мас аял изделүүдө
12.03.2023 | 10:32
Бишкекте милиция жүрүм-туруму менен өзгөчө кырдаал түзө жаздаган айдоочу аялды издеп жатат. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 9-март күнү саат 02:50 чамасында укук коргоо органдарына Махатма Ганди-Боталиев көчөлөрүнүн кесилишинде мас абалындагы аял жол кыймылынын катышуучуларына тоскоол болуп жаткандыгы тууралуу чакыруу түшкөн.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келген, бирок аял из жашырган.
Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар