Насвайды мыйзамсыз ташып кармалган жарандын унаасы мамлекетке алынды

12.11.2022 | 12:38

Баткен облусунда чек арада аткезчилик жүк менен кармалган жарандын унаасы мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, 7-октябрда Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде И.К. аттуу Кыргызстандын жараны башкарган “Хонда-Фит” унаасы токтотулуп, анын ичинен көп сандагы насвай табылып алынган.

Аталган факты боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын “Баткен” бажысы тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.

“9-ноябрда Баткен райондук соту тарабынан, президенттин улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого жана контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү боюнча тапшырмасына ылайык, И.К. күнөөлүү деп табылып, унаасын мамлекетке чегерүү чечими чыгарылды”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top