Сузакта мурдагы айыл өкмөт башчы менен орун басары кармалды

Сузакта мурдагы айыл өкмөт башчы менен орун басары кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана анын орун басары документ жасалмалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалгандар айыл өкмөттүн жасалма токтомдорун колдонуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелүүдө.

«Бул кылмышта схема түзүүгө жана ишке ашырууга Сузак айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Х.М. жана анын орун басары Б.А. түздөн түз тиешеси бар экендиги аныкталды. Алар жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жасалма токтомдорду чыгарган. Бул адамдар жасалма документтерди берип, акча каражатын алып жаткан жеринен кармалышты», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыш кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү (Документтерди жасалмалоо) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>