Насвайды мыйзамсыз ташып кармалган жарандын унаасы мамлекетке алынды

Насвайды мыйзамсыз ташып кармалган жарандын унаасы мамлекетке алынды

Баткен облусунда чек арада аткезчилик жүк менен кармалган жарандын унаасы мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, 7-октябрда Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде И.К. аттуу Кыргызстандын жараны башкарган «Хонда-Фит» унаасы токтотулуп, анын ичинен көп сандагы насвай табылып алынган.

Аталган факты боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын «Баткен» бажысы тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.

«9-ноябрда Баткен райондук соту тарабынан, президенттин улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого жана контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү боюнча тапшырмасына ылайык, И.К. күнөөлүү деп табылып, унаасын мамлекетке чегерүү чечими чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>