УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышат
Ноокат – Кызыл-Кыя жолу оңдолот
25.12.2022 | 13:54
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ноокат – Кызыл-Кыя унаа жолунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолдун азыркы абалы боюнча жарандардан бир канча арыздар түшкөн.
Президент Садыр Жапаров бул автожолду капиталдык оңдоону 2023-жылдын жаз айларында баштап, ошол эле жылдын күзүндө бүтүрүүнү тапшырды.
Ошол эле учурда оңдолгон жолдун сапаты бардык техникалык регламенттерге туура келиши керек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом