Кыргызстанда МТЗ тракторлорун чыгаруучу завод куруу пландалуудаБазар-Коргон районунда сугат скважинасы ишке берилдиУКМК Нарын районунда 1346 гектар катталбаган жерди аныктадыБШК президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо тартибин түшүндүрдүӨкмөт башчы кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктадыКөпчүлүк аймактарда жаан жаайт: 10-ноябрга карата аба ырайынын божомолу
Ноокат – Кызыл-Кыя жолу оңдолот
25.12.2022 | 13:54
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ноокат – Кызыл-Кыя унаа жолунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолдун азыркы абалы боюнча жарандардан бир канча арыздар түшкөн.
Президент Садыр Жапаров бул автожолду капиталдык оңдоону 2023-жылдын жаз айларында баштап, ошол эле жылдын күзүндө бүтүрүүнү тапшырды.
Ошол эле учурда оңдолгон жолдун сапаты бардык техникалык регламенттерге туура келиши керек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом