Ноокатта дагы бир жаш бала дайынсыз болууда

Ноокатта дагы бир жаш бала дайынсыз болууда

Ноокат районунун Абшыр-Ата айылында жаш баланын сөөгү изделүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге аким Жакыпбек Субакожоев билдирди.

Анын айтымында, дайынсыз болгондордон бирөө табыла элек.

ӨКМдин маалыматында, бүгүн издөөгө 85 куткаруучу чыкты.

Андан сырткары, 67 куткаруучу тарабынан сел кирген жалпы 20 турак үйдү тазалоого киришти. Ага 16 атайын инженердик техника тартылды.

Жабыркаган үйлөрдүн жана курулуштардын саны такталууда. Акыркы маалыматтар боюнча, 28 үйдүн кароо жайына суу кирген. 30-июнь күнү 8 турак үй тазаланган.

Эскерте кетсек, 28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Селдин айынан 9 адамдын, анын ичинде кичинекей балдардын өмүрү кыйылган. Каза болгондордун арасында Казакстандын 4 жараны, жаш балдар каза болду.

Кечээ кайра жамгыр жаап, райондогу бир нече көпүрө, анын ичинде Баткен — Ош жолундагы мост дагы бузулуп, жол жабылды.

ӨКМ «Абшыр-Ата» эс алуу жайынан 1300 жаранды куткарды.

Ноокаттагы селден каза болгондордун саны 9 адамга жетти

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ӨКМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>