Ноокатта жер семирткич чыгара турган завод курулууда

Ноокатта жер семирткич чыгара турган завод курулууда

Ош облусунун Ноокат районунда жылына 500 миң тонна жер семирткич чыгаруучу завод курулуп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев аталган заводго барып, анын курулушу менен таанышкан.

Маалыматта айтылгандай, заводдун курулушу эки этап менен жүргүзүлүүдө. 1-этапта заводдун жылына 200 миӊ тонна болгон гуминдик органоминералдык жер семирткичтерди өндүрүүчү курулушу ишке ашат. Ал эми 2-этапта 300 миӊ тонна гуминдик карбамид өндүрө турган курулуш ишке ашат.

Министрлик аталган завод ишке кирсе, өлкөнүң айыл чарбасы жетиштүү деңгээлде минералдык жер семирткичтер менен камсыз болорун билдирди.

Завод Айыл чарба министрлиги менен Кытайдын Хэбэйлик “Бай Доу Цзя” ишканасынын ортосунда түзүлгөн инвестициялык келишимге ылайык, кыргыз-кытай демонстрациялык агропаркын куруу долбоорунун негизинде курулуп жатат. Долбоор толугу менен аты аталган ишкана тарабынан каржыланат.

Парк Ноокат районунда 100 гектар аянтты ээлейт. Анын курамына минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу завод, асыл тукум заводу, айыл чарба техникаларын чыгаруучу ишкана, айыл чарбасын колдоо боюнча каржы борбору, жабдууларды жана техникаларды чогултуу пункту кирери пландалган.

Парк келечекте 2 миңден ашуу жергиликтүү тургунду иш менен камсыз кылары айтылды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>