Таштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазуудаТүштүк Кореянын колдоосу менен Улуттук госпиталдын жаңы корпусу курулатКыргызстан 2030-жылга чейин ЕАЭБдеги интеграциянын артыкчылыктуу багыттарын аныктадыТүркияда Чыңгыз Айтматовдун урматына арналган эскерүү иш-чаралары өттүКыргыз-гана кызматташтыгы жолго коюлууда: Гананын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келдиЖК комитети кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтүн кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды
Ноорузга карата 12 миңден ашык милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейт
20.03.2024 | 13:47
Кыргызстанда Нооруз майрамын белгилөө учурунда өлкө бөюнча 12 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти карайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ноорузду утурлай милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.
Бишкек милициясынын маалымат кызматы билдиргендей, майрам күнү борбор калаада 2 миңден ашык милиционер кызмат өтөйт. Алардын ичинен 1,5 миңден ашыгы негизги майрамдык салтанат өтөт турган “Ала-Тоо” аянтында коомдук тартирти жана коопсуздукту карайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом