Үрөй учурган окуя. Чүйдө 9 эркек 13 жаштагы кызды бир жылдан бери зордуктап жүргөн

Үрөй учурган окуя. Чүйдө 9 эркек 13 жаштагы кызды бир жылдан бери зордуктап жүргөн

Чүйдүн Сокулук районунда 13 жаштагы кыз 9 эркек тарабынан дээрлик бир жылдан бери зордуктоого туш болуп келген. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Мектеп окуучусунун ата-энеси акыйткатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылып, укук коргоо органдары чара көрбөй жатканына арызданган.

Апасынын айтымында, 19-22 жаштагы 9 жигит 2023-жылдын апрель айынын бери анын 13 жаштагы кызын системалуу түрдө зордуктап жүргөн. Алар кызды «эч кимге айтпа» деп коркутуп келишкен. Өспүрүм ата-энесине айткандан коркуп, үч жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Ушул жылдын январь айында кыз дайынсыз жоголуп, 20 күндөн кийин гана табылган.

Ал табылгандан кийин, балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнө кордук көргөнүн айтып берген. Ошондо гана кыздын ата-энеси окуя тууралуу билип, милицияга арыз жазышкан.

Бирок жабыр тарткандардын айтымында, Сокулук райондук милициясы февралдан бери күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча эч кандай аракеттерди көрбөй келет. Кылмыш иши козголгону дагы белгисиз.

Маалыматка караганда, өспүрүмдү алгач 20 жаштагы жигит 2023-жылдын апрелинде зордуктаган. Ал кызды унаасына салып кетип, шаардын четине алып барып, күчкө салган. «Окуя тууралуу бирөөгө айтсаң, 40 эркекке салып берем» деп коркутуп, талаада жалгыз таштап кетип калган. Кайра келип, шок абалда турган өспүрүмдү Сокулукка жеткирип, досуна «үйүнө жеткирип кой» деп таштап кетет.

«Бул окуядан кийин кызымдын жашоосу талкаланды. Аны мектептин же үйдүн жанында жигиттер аңдып, коркутуп-үркүтүп, машинага отургузуп кетип жүрүшкөн. «Ата-энеңе айтып беребиз» деп коркутуп зордукташкан. Кызымды 9 жигит бир жыл бою колдон колго өткөрүп жүрүшкөн», — дейт энеси.

Кыздын психологиялык абалы оор болгондуктан, ал атайын адистердин жардам алып ооруканада.

Акыйкатчы институтунун билдирүүсүндө, кылмышка шектүүлөрдүн туугандары кыздын ата-энесине жана ага-инилерине кысым көрсөтүп, коркутуп жатат. Андан тышкары, мектепте окуя тууралуу маалымат таркап өспүрүмдүн сиңдисин балдар шылдыңдашкан.

«Бул зөөкүрлөр мыйзамдын бардык катаалдыгы менен жазалансын. Алар адам эмес! Алар башка кыздардын да тагдырын талкалашы мүмкүн», — деп ыйлады аял.

Акыйкатчынын тапшырмасы менен кыздын ата-энесине акысыз жактоочу берилип, анын үй-бүлөсүнө психологиялык жардам көрсөтүү чаралары көрүлүүдө.

Жаманбаева башкы прокурордон, ошондой эле ИИМ жетекчилигинен бул окуяга тез арада чара көрүүнү талап кылды.

 

Акыйкатчы институтунун билдирүүсүнөн кийин Чүй облустук милициясы аталган окуя боюнча үн катты.

Чүйдөгү өспүрүм кыздын зордукталышы. Милиция үн катты

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>