Сөөгү каналдан табылган келиндин иши адам уурдоо беренеси менен териштирилүүдө

Сөөгү каналдан табылган келиндин иши адам уурдоо беренеси менен териштирилүүдө

Чоң Чүй каналынан сөөгү табылган 19 жаштагы Асел Жанарбек кызынын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин териштирүү уланууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Алардын айтымында, маркумдун сөөгү табылгандан кийин ага чейин козголгон кылмыш ишинин беренеси өзгөргөн жок.

«Тергөө жүрүп жатат. Кармалгандар жок. Экспертизанын жыйынтыгы тергөө купуясы болуп саналат. Иш  Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси, адам уурдоо фактысы менен иликтенүүдө», — дейт милиция.

Эскерте кетсек, Асел Жанарбек кызы 15-февралдан бери дайынсыз болуп, милиция «Адам уурдоо» фактысы менен иш козгогон.

Анын кийимдери жана телефону Чүй каналынын жээгинен табылган. Асел эки ай мурда турмушка чыккан. Жакындары билдиргендей, ал апасына аудио жөнөтүп, өлүп калса кимди күнөөлөө керектигин айткан.

Асел Жанарбек кызынын сөөгү Чүй каналынан табылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>