7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Нотариустар ККМ системасына интеграцияланды
26.03.2025 | 10:09
Юстиция министрлигинин “Электрондук нотариат” системасы Салык кызматынын контролдук-кассалык машиналарынын (ККМ) системасына бириктирилди. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 26-марттан тарта “Электрондук нотариат” системасын пайдаланган нотариустар ККМ колдонуудан бошотулат. Бирок нотариустар тарабынан жүргүзүлгөн бардык төлөмдөр Салык кызматынын маалыматтар базасына түздөн-түз автоматтык түрдө катталып турат.
Салык кызматы мындай кадам финансылык агымдарды көзөмөлдөөнү жакшыртууга, салыктык тартиптин деңгээлин жогорулатууга, салык төлөөдөн качууга жол бербөөгө жана нотариустардын ишин жөнөкөйлөштүрүүгө мүмкүндүк берерин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом