БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Армениядагы мелдеште Шарип уулу алтын, дагы үч балбан коло утту
26.03.2025 | 10:00
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Арменияда өткөн Lyova Vardanyan 2025 эл аралык мелдешинде 4 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик департаментинен билдиришти.
Медалдардын бирөө алтын, үчөө коло. Алтын байгени Билол Шарип уулу (65 кг), колону Мухаммадрасул Салиев (57 кг), Юхан Догдурбек уулу (61 кг) жана Аден Сакыбаев (70 кг) утту.
Курама команда мелдешке улук машыктыруучу Ильгиз Жакыпбеков (U-23) жана машыктыруучу Улан Надырбек уулунун жетекчилиги алдында катышты.

Рубрики: Жаңылыктар, Спорт