Унааларды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип мамлекеттик кызматкерлер кармалды

23.07.2025 | 09:58

Кыргызстанга унааны тетик катары каттап алып келген деп шектелип Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча агенттиктин кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызматкерлер башка жарандар менен алдын ала макулдашып, транспорттук каражаттарды мыйзамсыз каттоо схемасын уюштурушкан. 

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Кыргызстанга “Honda” үлгүсүндөгү унаасы толук комплекттелген тетик  түрүндө алып келишкен. Андан кийин жасалма документердин негизинде толук кандуу транспорттук каражаттар катары мамлекеттик каттоого алынган.  

“Шектүүлөр бул аракети менен белгиленген бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качышкан жана мыйзамсыз пайда алышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча мамлекетке 15 млн 677 миң 910 сом зыян келтирилген”,- деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин  337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1994-жылы  туулган О.А., 1984-жылы туулган Т.М., 1997-жылы туулган К.К., 1993-жылы туулган Ш.З., 1993-жылы туулган К.Ы., 1984-жылы туулган Т.Э. жана 1995-жылы туулган Р.У. аттуу жарандар кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги: ИИМ
Scroll to Top