Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттырууда
23.07.2025 | 18:47

Нарын облусунун Долон капчыгайында 29 жаштагы Эржан Төлөбек уулу таштардан кооз көпүрө куруп чыкты. Жайлоодогу бул уникалдуу курулуш аймактын көркүн арттырып, туристтерди өзүнө тартууда.
Маалыматка ылайык, таш көпүрө устачылык чеберчилик менен курулган жана толугу менен жаратылыш менен айкалышкан. Райондук администрация мындай демилгелерди колдоого алып, туризмди өнүктүрүү, жаштардын чыгармачылыгын жана патриоттук духун көтөрүү багытында иш алып барууну улантарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Туризм