Кыргызстанда электр тармактары оңдолууда — жарык маал-маалы менен өчүшү мүмкүнЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов коррупцияга шектелип кармалдыЖогорку Кеңеш жана БУУ Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу үчүн өнөктөштүктү чыңдашатЖКда Бишкек мэриясын УАМС баатырлары тууралуу маалыматтык стенддерди иретке келтирүүгө чакырышты«Түндүк» Президенттин иш башкармалыгына өттүТашкентте жасалма жол менен жамгыр жаадырылат — президент жарлыкка кол койду
Нурлан Мамытовго козголгон иш Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна тиешеси жок
15.02.2022 | 13:50
Нурлан Мамытовго козголгон иш анын «Айыл Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү катары ишине байланыштуу жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө тиешеси жок. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.
«Нурлан Мамытов банктын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп турганда 2017-жылы «Айыл Банк» ААКсында болгон окуяларга байланыштуу иликтөө себеп болгон. Иликтөө иш-чаралары Нурлан Мамытовдун Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө тиешеси жок», — деп билдирет КОӨФ.
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Айыл банктын” кызматкерлери насыя бөлүүдө коррупциялык схема боюнча кармалганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат