Акылбек Жапаров дыйкандарды чочуткан токтом боюнча үн катты  

Акылбек Жапаров дыйкандарды чочуткан токтом боюнча үн катты  

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте журналисттер үчүн маалымат жыйын өтүп жатат. Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, дыйкандар тынчсызданып жаткан токтом боюнча оюн билдирди.

“Так айтып коёюн, биз дыйкандардын жерлерине көз арткан жокпуз. Жалпы жердин 25 пайызы мамлекеттик фонддун карамагында. Сөз ушул жерлер боюнча болуп жатат. Айрымдары 3-4-5 жылга ижарага алып алган. Ошол ижара мөөнөтү бүтүп, бошогон жерлерди үрөнчүлүк чарба, айыл-чарба кооператив, ишканаларга берилсин деп жатабыз. Биз быйыл 1,5 млрд. сомго үрөндөрдү алып келдик. Илгери 40-50 центнер алып жүргөн жерден, 5-6 центнерден алып жөн эле убара болуп жатабыз. Иригацияны оңдосок, эми үрөн керек болуп жатат. “Элита”- деген жогорку сорттогу үрөндөрдү алып келебиз.  Үрөнчүлүк чарбалар аны кайрадан көбөйтүп, анан элге таратат. Ошондо 2-3 эсе түшүмдүүлүк көбөйөт. Анан ушул үрөндөрдү айдашсын десек, жер жок. Бул жерлерди башкаруу саясатын айыл өкмөттөргө кайсы бир учурларда берген экен, эми биз Айыл-чарба министрлиги саясатын жүргүзсөбү деген ниетте болуп турабыз. Чечим кабыл алаардын алдында кайсыл жерлерде үрөн чарбаларын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин,  ошонун баарын ирээттеп чыгалы деп жатабыз. Эч ким элдин жерине тийген жок. Кээ бир фермерлер Чүйдөн 5-6 миң гектар жерлерди алып алыптыр. Бирок, үрөн өстүрүшпөйт. Үрөн өстүрүп жаткан дыйкандарга эч ким тийишпейт ”— деди Жапаров.

Буга чейин да бул 309-токтомдун айланасындагы талаш-тартыштар боюнча талкуу болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>