Акылбек Жапаров Кумтөр боюнча Акаевдин байланышын айтты

Акылбек Жапаров Кумтөр боюнча Акаевдин байланышын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү. Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Кумтөр боюнча оюн билдирди.

“Центерра компаниясы 2003-жылы түзүлүп жатканда  Австралиялык бир компания акцияларды алып, ошону 44,3 млн. долларга сатып кеткен, ошонун аягы келип Аскар Акаевдин туугандарына келип такалган. 2012-13-жылы Башкы прокуратура да териштирип далилдеп берген. Ал акчаны  аялшынын (Майрам Акаеванын) жакын туугандары качып жүргөн экен, алар дагы тастыктады. Ким күнөөлүү, кимиси күнөөлү эмес сот улам чечим чыгарып жатат. Эгерде, Кумтөрдү кыргыз элине алып бергенде президенттердин тагдыры мынчалык кейиштүү болбойт эле деп ойлойм. Садыр Нуркожоевич мени комиссиянын төрагасы кылып чакырып жатканда, мен дагы сурандым, бул иштин аягына чыгара алам, механизмдерин билем, тарыхын билем, кыргыздын кызыкчылыгын коргой ала турган юристтер бар, муну иштетип кете турган кыргыздын жигиттери да бар, бирок, саясий эрк керек дедим. Буга чейин “алтынды көрсө периште да адашыптыр”- деп президенттер адашып жүргөн. Аларды туурап калгандарынын баары адашып жүргөн… Ал «крышалардын» баарын Камчыбек Кыдыршаевич (Ташиев)  жойгондуктан, 31 млрд. сом түшүп жатпайбы? Эмне үчүн мен нравалык категория деп жатам, алтынга аралашып кеткенден кийин Кудай дагы, эл дагы жаман көрүп жүргөн. Мен дагы айтып коюшум керек, биринчи президенттин трагедиясы болушу керек”— деди Жапаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>