Акжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда«Бишкек Арена» стадионунун ачылышына карата шаарда акысыз автобус каттамдары уюштурулат
Нурлан Мамытовго козголгон иш Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна тиешеси жок
15.02.2022 | 13:50
Нурлан Мамытовго козголгон иш анын «Айыл Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү катары ишине байланыштуу жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө тиешеси жок. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.
«Нурлан Мамытов банктын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп турганда 2017-жылы «Айыл Банк» ААКсында болгон окуяларга байланыштуу иликтөө себеп болгон. Иликтөө иш-чаралары Нурлан Мамытовдун Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө тиешеси жок», — деп билдирет КОӨФ.
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Айыл банктын” кызматкерлери насыя бөлүүдө коррупциялык схема боюнча кармалганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат