Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуяларында курман болгондорду эскериштиАзия чемпионаты: грек-рим күрөшү боюнча үч кыргызстандык балбан финалга чыктыКыргызстандын гуманитардык жардамы Иранга жеттиКыргызстанда 243 миңден ашык адам кредит алууга өзүнө тыюу салды — Улуттук банкМанаста жаштар форумунун 100дөн ашуун катышуучусу чогулат7-апрелге карата аба ырайы
Нью-Йоркто Садыр Жапаров менен Рахмондун жолугушуусу болду
20.09.2023 | 09:48
Президент Садыр Жапаров 19-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өткөн.
“Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин талкуулашты. Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча да пикир алмашты”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом