Бүгүн Чүй облустук соту жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин ишин карап чыгып, Аламүдүн райондук соттун чечимин колдоду. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, 14-майда сот жазуучуну «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» күнөөлүү деп таап, 5 жылга абакка кескен. Олжобай Шакир күнөөнү мойнуна алган эмес.