“Ойлонсо болмок”. Президент карындашы үчүн кечирим сурап, колун сураган жигитти сындады

“Ойлонсо болмок”. Президент карындашы үчүн кечирим сурап, колун сураган жигитти сындады

Садыр Жапаров карындашы Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигит ашыкча ысырапкорчулукка жол бергенин сынга алды. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигине атайын маек берди.

Ал президенттин жакындары башкаларга үлгү болушу керектигин белгилейт.

“Ысырапкорчулукту токтотолу деп какшап келе жатам. Эң жок дегенде болочок күйөө бала ушул демилгемди колдоп, ойлонсо деле болмок. Президенттин жакыны болгондон кийин элдин сынына кабылбайын, президентти да сынга кабылтпайын деши керек эле. Жаштык кылып койду деп ойлойм. Жөнөкөй жол менен эле келип колун сураса, бири-бирин жактырып аткандан кийин баш тартмак эмес да”, — дейт ал.

Садыр Жапаров Лазат Нуркожоеванын жигити ижарага алган тик учак Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык экенин ырастап, аны коммерциялык максатта колдонууга уруксат берилгенин айтты.

“Тик учактарды мамлекеттин ишине керектөө мезгилинен сырткаркы убактарда коммерциялык багытта да иштеткиле деп уруксат бергенбиз. Азырынча учактар жаңы кезинде өздөрүн актап, өздөрүнүн ордуна экинчи, үчүнчү учактарды алып келиш керек. Учпай тура берсе, мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учактар учууга жараксыз болуп калат”, — дейт президент.

Садыр Жапаровдун айтымында, ал бир туугандарына жана алардын балдарына катуу талаптарды коет.

““Мурдагылардын катасын кайталабайлы, мамлекеттик иштерге кийлигишпегиле” деп дайыма эскертип келем. Кийлигиштирбейм. Баягы элибиздеги “Күлгөнгө күлө жетем” деген сөздүн калети жок экен. Мурда башкаларды сындап койчу элем. Эми өз башыма келип олтурат. Ал эми акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, Лазат Нуркожоева тик учак менен Оруу-Сай эс алуу жайына учуп барышкан. Социалдык тармактын колдонуучулары өлкөнүн түштүк тарабындагы селден жарандарды куткаруунун ордуна ӨКМ тик учагы мындай максатта колдонулуп жатканын сынга алышты.

Президенттин эң көп талкуу жараткан карындашы турмушка чыгат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>