Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
ӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн
16.03.2026 | 10:25

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-марттан 18-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана бир катар унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү менен кар күрткүсү күтүлөрүн маалымдады.
Кар көчкү коркунучу бар жол тилкелери:
- Бишкек-Ош жолу: 198-255-чакырымдар (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
- Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолу: 55-115-чакырымдар;
- Бишкек-Нарын-Торугарт жолу: 292-305-чакырымдар (Долон ашуусу);
- Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад жолу: 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдар (Көк-Арт ашуусу);
- Каракол-Эңилчек жолу: 45-90-чакырымдар (Чоң-Ашуу ашуусу).
Аталган аймактарда жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгы эскертилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом