ЕӨБ Кыргызстандагы «жашыл» жана энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымдадыПрезидент жол эрежесин бузгандардан жеринде тест алуу боюнча мыйзам долбоорду эмнеге артка чакыртканын түшүндүрдүЖайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалдыКыргызстанда биринчи жолу 3D-протездөө технологиясы ишке киргизилдиЖалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттоду
ӨКМ эскертет: Тоолуу аймактарда сел жүрөт
15.04.2025 | 13:05
ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 2025-жылдын 16-19–апрелдеринде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
“Бул күндөрү тоолордо, кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болуңуздар. Сел каналдарын, арыктарды тазалап, сел сууларынын өтүшүнө шарт түзүңүздөр”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар