Ысык-Көлдө 231 балыкты мыйзамсыз кармаган үч жаран кармалдыКыргызстанда конфискацияланган дары-дармек өсүмдүктөрүн сатуу сунушталуудаКыргызстандан бал экспорттоо 10 айда 572 тоннага жеттиГ. Айтиев атындагы музей көргөзмө үчүн экспонаттарды кабыл алуудаКыргызстанда МТЗ тракторлорун чыгаруучу завод куруу пландалуудаБазар-Коргон районунда сугат скважинасы ишке берилди
ӨКМ эскертет: Тоолуу аймактарда сел жүрөт
15.04.2025 | 13:05
ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 2025-жылдын 16-19–апрелдеринде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
“Бул күндөрү тоолордо, кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болуңуздар. Сел каналдарын, арыктарды тазалап, сел сууларынын өтүшүнө шарт түзүңүздөр”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар