Бишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирди
Эми Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн Араб Эмираттарында да колдонууга болот
15.04.2025 | 13:15
14-апрелде Абу-Даби шаарында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө Меморандум кабыл алышты. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Документке Кыргызстандын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору У.Карыпбеков жана Бириккен Араб Эмираттарынын Премьер-министринин орун басары – Ички иштер министри шейх Сейф бин Заед Аль Нахайян кол коюшкан.
Меморандумга эки өлкөнүн компетенттүү органдары тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жолу менен жарандардын жүрүүсүн жеңилдетүү максатында кол коюлган.
Меморандум расмий күчүнө кириши тууралуу маалымат эки тарап макулдашкан датага жараша бир айдын ичинде жарыяланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом