Жогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазуудаТүштүк Кореянын колдоосу менен Улуттук госпиталдын жаңы корпусу курулатКыргызстан 2030-жылга чейин ЕАЭБдеги интеграциянын артыкчылыктуу багыттарын аныктадыТүркияда Чыңгыз Айтматовдун урматына арналган эскерүү иш-чаралары өттүКыргыз-гана кызматташтыгы жолго коюлууда: Гананын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди
ӨКМ: Ош—Баткен—Разаков жолу бир тараптуу ачылды
12.05.2022 | 14:06
Ош—Баткен—Разаков жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
11-майда кечээ кечки саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандан улам сайдан сел суулары келип, Ош-Баткен-Разаков жолунун 265-чакырымы кум-шагылга, сууга толгон.
Жол тилкеси тазалоо иштеринен кийин кечки саат 8 жарымда бир тараптуу ачылган.
Учурда тазалоо жумуштары жүргүзүлүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом