Жапаров: Өлкө өз элине көп инвестиция салышы керек

Жапаров: Өлкө өз элине көп инвестиция салышы керек

Адамдык капиталга инвестициялар жашыл экономиканын приоритети менен катар мамлекеттик өнүктүрүү саясатын аныктоочу багыттардын бири болуп саналат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги адамдык өнүгүү форумунда билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, форумду Министрлер кабинети жана Дүйнөлүк банк тобу уюштурган.

«Президент үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде сүйлөгөн сөзүндө биздин эң негизги байлыгыбыз – эл, ал эми ийгиликтин негизги ачкычы – адам ресурстары деп белгилеген. Мамлекет башчысы элди өнүктүрүүгө, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана маданиятка жумшалган инвестицияны эң мыкты деп жарыялаган. Бул биздин жаңы улуттук чакырык», — деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы бул максатта билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлүп, үстүбүздөгү жылдын июль айында социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйөрүн кошумчалады. Республиканын калкынын үчтөн эки бөлүгүнөн ашыгын 30 жашка чейинкилер түзөт, деп сөзүн уланткан Министрлер Кабинетинин Төрагасы, бул чоң артыкчылык экенин белгиледи.

«Биз жаш өлкө катары келечегибизге инвестиция салышыбыз керек. Өлкө өз элине канчалык көп инвестиция салса, анын ордуна ошончолук көп акча алат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мектепке чейинки билим берүүгө жумшалган кошумча 1 доллар гана улуттук экономикага 6 доллардан 17 долларга чейин киреше алып келет. Балдарыбыз мамлекеттик, расмий жана англис тилдерин эркин сүйлөй тургандай жыйынтыктарга жетүүнү каалайбыз. Биздин балдар дүйнө жүзү боюнча жумушка орношуп, атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Буга жетишүү үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жапаров

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>