ӨКМ жаан жаап, сел жүрө турган аймактардын тизмесин жарыялады

ӨКМ жаан жаап, сел жүрө турган аймактардын тизмесин жарыялады

15-16-август күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Нөшөрлүү жаан-чачындан кийин төмөнкү аймактарда сел жүрүшү күтүлөт:

  • Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда;
  • Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Аксы, Токтогул, Ноокен, Тогуз-Тороо райондорунда;
  • Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, жана Кара-Суу райондорунда;
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда;
  • Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва, Панфилов жана Кемин райондорунда;
  • Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда;
  • Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондорунда.

Төмөнкү унаа жолдордо этият болуңуз:

-​ Бишкек-Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;

-​ Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;

-​ Бишкек-Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 чакырымдарында;

-​ Балыкчы-Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117 чакырымдарында;

-​ Талды-Суу-Арал унаа жолунун 4-5 чакырымдарында;

-​ Ош-Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;

— Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымындарында;

— Кербен-Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ӨКМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>