Кыргызстанда 1 млрд долларлык фармацевтикалык индустриалдык парк курулатЧүй облусунда 100 орундуу оорукана жана жаңы мектеп курулат«Одни отговорки». Садырбаева раскритиковала Минсельхоз из-за сбыта картофеляТакси айдоочулары менен курьерлерден 7 айда 462 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмү түштүКубат Рахимов: санкциялар Кыргызстандын эсептешүү хабы катары калыптанганын тааныгандык болдуЫсык-Көлдө Махмуд Кашгари Барсканиге арналган туруктуу экспозиция ачылат
Быйыл 844 млн сомго 149 мектеп курулат
15.08.2024 | 10:35
Быйыл 844 млн сомго 149 мектеп курулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Жалпысынан 2024-жылы курула жана оңдоодон өтө турган объекттердин саны 431, ага 1 миллиард 439 миллион сом каралды.
87 мектептин курулушунун сметалык документтерин даярдоого 21,2 млн. сом жумшалат. 78и 226,1 млн. сомго капиталдык оңдоодон өтөт.
306 млн сомго 63 бала бакча тургузулат. Анын 42синин долбоорун чийип, чыгымдарын аныктоо үчүн 11,8 млн. сом сарпталат. 12 бакча 30 миллион сомго оңдолот.
Биринчи жарым жылдыкта 14 мектеп жана 3 бала бакча ачылып, 7 мектеп жана бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом