ӨКМ “жер титирөө кайталанат” деген жалган маалыматка ишенбөөгө чакырды (видео)

23.01.2024 | 01:35

Кыргызстанда 23-январга караган түнү саат 00:09да жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнун очогу Кытайдын аймагында, Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын түштүк-чыгышында 140 чакырым алыстыкта жайгашкан.

ӨКМ билдиргендей, жер силкинүү Каракол менен Нарын шаарында жана Кажы-Сай айылында 4 баллга чейин сезилген.

“Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жер-жерлеринде маалымат топтоп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө”, – деп билдирет министрлик.

Министрлик социалдык тармактарга тарап жаткан “жер титирөө кайра кайталанат” деген маалыматтар жалган экенин билдирип, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Scroll to Top