Өкмөт мыкты бүтүрүүчүлөрдү мамкызматтарга тартууга кызыктар

Өкмөт мыкты бүтүрүүчүлөрдү мамкызматтарга тартууга кызыктар

ЖОЖдор чыгарган кадрлар башка жактарга кетип калбай облустун потенциалын жогорулатууга салым кошкондой болушу керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин өткөн жылда аткарган иштерин жана алдыдагы пландарын талкуулаган жыйында билдирди.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ал аймактардагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен болгон баарлашуунун жыйынтыгында Акылбек Жапаров бир катар маселелерди белгиледи.

“Дагы бир жолу айтам министрлер, губернаторлор, акимдер, айыл өкмөттөрү, аймактагы мамлекеттик органдар – баарыбыз бир кемедебиз. Баяндамалардан көрдүк статистикалык маалыматтарга кызыгып эле өзүңөрдөгү аткарылып жаткан иштериңерди жакшылап айта алган жоксуңар. Аткарылып жаткан иштерди так билгендей болушуңар керек”, — деди Акылбек Жапаров.

Быйыл жогорку окуу жайлар менен аймактардын биргелешип иштөөнүн биринчи жылы экенин, реалдуу жыйынтыктар бир жылдан кийин суралаарын айткан Акылбек Жапаров, айтылган сөздөр презентация бойдон калбашы керектигин билдирди.

“Ректорлор, жаш кадрларды мамлекеттик ишке аралаштырыңыздар, долбоорлорду жазышсын, консультант болушсун. Андан соң губернаторлор аларды жумушка тарткыла, борбордук органдарга да сунуш кылыңыздар. Ал үчүн буга губернаторлорду кызыктырып, эки тараптуу келишимдерди түзүп, мыкты бүтүрүүчүлөрдү алып калууга стимул берүүнүн үстүндө ойлонуңуздар. ЖОЖдор чыгарган кадрлар башка жактарга кетип калбай облустун потенциалын жогорулатууга салым кошкондой болсун”, — деди Акылбек Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>