Өкмөт 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына тарифтик саясатты өзгөртүүнү сунуштады

10.12.2025 | 16:22

Министрлер кабинети 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Долбоорго ылайык, сутканын убактысына жараша дифференцияланган тарифтер буга чейин каралган «Калк» тобунан тышкары дагы үч топко жайылтылат. алар: «Электр мобилдерди кубаттоо станциялары», «Өнөр жай керектөөчүлөрү» жана «Коммерциялык керектөөчүлөр». Бул тарифтерди колдонуу үчүн электр керектөөсүн убакыт зоналары боюнча каттаган эсептегичтер орнотулушу керек.

Энергосистеманын жүктөмүн оптималдаштыруу үчүн керектөө зоналарынын коэффициенттери да өзгөртүлүүдө:

  • түнкү зона (00:00–06:00) – 0,5тен 0,75ге;
  • күндүзгү зона (06:00–00:00) – 1,5тен 1ге өзгөртүлөт.

Өкмөт бул өзгөртүүлөр электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга, жогорку жүктөм сааттарындагы басымды азайтууга жана тарифтик саясатты экономикалык жактан негиздүү кылууга жардам берет деп эсептейт.

Scroll to Top