Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Өкмөт башчы Алтайга жумушчу сапар менен барды
24.07.2025 | 17:25

Бүгүн, 24-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Орусиянын Алтай республикасына жумуш сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Адылбек Касымалиевди Тоолу-Алтай шаарынын аэропортунан Алтайтын башчысы Андрей Турчак жергиликтүү элдин салттуу меймандостугу менен тосуп алды.
Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев бул сапарынын алкагында Эл аралык экологиялык конференцияга катышат. Анын жүрүшүндө бир катар мамлекеттердин өкмөт башчылары менен биргеликте конференциянын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Ошондой эле, конференциянын алкагында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Адылбек Касымалиев, Алтай