Өкмөт башчы Эверестти багындырган альпинист айым Асел Байбагышеваны кабыл алып, белектерин тапшырды

Өкмөт башчы Эверестти багындырган альпинист айым Асел Байбагышеваны кабыл алып, белектерин тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти багындырган биринчи кыргызстандык альпинист айым Асел Байбагышеваны кабыл алып, сыйлыктарын тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда өкмөт башчы альпинист айымдын өзгөчө жетишкендигин терең баалап, ага 500 миң сомдук сертификат тапшырган.

Ал эми Асел Байбагышева Адылбек Касымалиевге дүйнөнүн чокусуна орноткон Кыргызстандын мамлекеттик желегин тапшырып, аны менен чогуу Эверест тоосунун чокусунан жеке өзү  алып келген ташты тартуулаган.

Баарлашуу учурунда Асел Байбагышева бийиктиктен алган таасирлери жана башынан өткөргөн кыйынчылыктар тууралуу айтып берген. Ийгиликтүү көтөрүлгөндөн кийин дароо биринчи болуп өкмөт башчы телефон аркылуу байланышка чыкканына чын дилден кубанганын айтып, дал ушундай учурларда мамлекеттин колдоосу спортчуларга ишеним берерин баса белгилеген.

Адылбек Касымалиев Асел Байбагышеваны тарыхый ийгилиги менен дагы бир жолу куттуктап, анын эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн жаркын үлгү жана Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого зор салым кошконун баса белгилеген.

Жолугушуунун соңунда тараптар альпинизмди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин жана өлкөдөгү тоо туризмин колдоону талкуулашкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>