Кыргызстандыктар Орусиянын президентинен грант ала алышат«Ала-Арча» жаратылыш паркында от жаккан жарандарга айып пул салындыСанкциялык тобокелдиктери бар 16 компания боюнча материалдар сотко өткөрүлдүТурак үйдөн 188 миң сом уурдап кеткен. Шопоковдо 29 жаштагы шектүү кармалдыДөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу жаңы чуркоо тилкесине зыян келтирилдиКыргызстан менен Оман биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселесин карашууда
Кыргызстанда канча төрөлүү, никеге туруу, ажырашуулар жана өлүм катталган? Акыркы 3 жылдагы статистика жарыяланды
30.05.2025 | 15:31
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси 2023-2025-жылдардагы катталган туулуу, никеге туруу, ажырашуу жана өлүм актыларынын салыштырмалуу статистикасын жарыялады.
Ага ылайык, 2025-жылдын январь-май айларында 46 миң 150 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган. 14 миң 706 нике күбөлүгү берилип, 4 миң 732 ажырашуу фактысы катталган.
Канча туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген?:
- 2023 — 146 511;
- 2024 — 145 849;
- 2025 (янв–май) — 46 150.
Канча нике күбөлүгү берилген?:
- 2023 — 44 776;
- 2024 — 45 321;
- 2025 (янв–май) — 14 706.
Канча ажырашуу фактылары катталган?
- 2023 — 12 662;
- 2024 — 13 397;
- 2025 (янв–май) — 4 729.
Өлгөндүгү тууралуу канча күбөлүк берилген?
- 2023 — 30 889;
- 2024 — 32 455;
- 2025 (янв–май) — 12 732.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом