12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулат
Өкмөт башчы Казакстанга иш сапары менен барат
12.11.2025 | 13:36

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эртең, 13-ноябрда, Казакстандын борбору Астанага жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жумуш сапарынын алкагында Касымалиев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынына катышат.
Аталган жыйын Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жетекчилиги алдында тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлөт.
Отурумдарда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана кызматташуунун актуалдуу маселелери каралып, чечимдер кабыл алынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат