Өкмөт башчы кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктады

10.11.2025 | 10:04

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандарын Жаштар күнү менен куттуктады. 

Өкмөт башчы өз сөзүндө жаштардын эмгеги өлкөнүн келечегин гана эмес, учурдагы абалын да аныктай тургандыгын, толкуган күч дагы, тоодой үмүт дагы жаштарда экенин билдирген. 

Адылбек Касымалиев жаштардын билим, спорт жаатындагы жетишкендиктерин атап өткөн.

“Кыргызстан жаштары өлкөбүздүн окуу жайларында окуу менен чектелбестен ондогон студенттер Гарвард, Йель, Принстон, МИТ университеттеринде жана алдыңкы Европа университеттеринде билим алып жатышат.

Кыргызстан жаштары эл аралык спорттук жана интеллектуалдык мелдештерде жүрөк кубандырган ийгиликтерге жетишип, элибизде билектин күчү да, билимдин күчү да жогорку деңгээлде экенин далилдешти. Күрөш спорту боюнча дүйнөдө алдыңкы позицияга чыктык, ал эми көкбөрү боюнча бизге тең келе турган команда жок экенин жигиттерибиз далилдеп келишет.

Биздин интеллектуалдар математика, физика, информатика жана дебат боюнча олимпиадаларда көптөгөн жеңиштерге жеткени азыркы технотрон доорунда биздин жаштар техника жана технологияны өздөштүрүү менен чектелбестен алардын жаңы моделдерин жаратууга, экономиканын түзүмүн өзгөртө турган жаңылыктарды ачууга жөндөмдүү экенинен кабар берет”,- деген өкмөт башчы.

Мындан тышкары ал өлкөдө жаштарды колдоо үчүн жасалып жаткан иштер, анын ичинде 2023-2030-жылдардагы Жаштарды өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын алкагындагы иш-чаралар, жаштар үчүн жеткиликтүү боло баштаган турак жай курулушу, жаңы жумуш орундары тууралуу айтып өткөн.

“Белгиленген жетишкендиктер албетте силердин потенциалды толук чагылдыра албайт. Силердин потенциалдын да,  аткара турган иштердин да чети гана оюлууда. Алдыда элибиз аша турган нечен ашуулар, кече турган кечүүлөр бар.

Толкуган күч, тоодой үмүт силерде, Кыргызстан жаштары. Силерге бакты-таалай, жаркын маанай, албан-албан ийгиликтерди каалайм”,- деп билдирген өкмөт башчы.

Scroll to Top