Акысыз концерттер жана кино көрсөтүүлөр: Бишкекте «Франкофония жазы — 2026» фестивалы башталатМаксым улуттук суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу макамын алдыЧүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалдыӨзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилдиУКМК күч түзүмдөрүндөгү кадрдык чечимдерге «көшөгө артындагы таасирлер» тууралуу маалыматтарды төгүндөдүКыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосун күчөтүү сунушталууда
Өкмөт башчы Москвага иш сапары менен барат
17.11.2025 | 11:17

17-18-ноябрда Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Орусиянын Москва шаарында болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Касымалиев ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына катышат.
Жыйында соода-экономикалык кызматташуу, каржылык өз ара аракеттенүү жана Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат