Адылбек Касымалиев жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 7-октябрь – жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өкмөт башчы авиация ар дайым Кыргызстан үчүн өзгөчө орунду ээлеп келгенин жана бул күн өлкө үчүн маанилүү экенин билдирди. Ошндой эле ата мекендик авиациянын түптөлүшүнө салым кошкон адамдарды терең ыраазчылык менен эскере турганын айтты.
Адылбек Касымалиев куттуктоо сөзүндө акыркы жылдары өлкөдө бул тармак өнүгүп жатканын белгилеп, жасалган жана жасалып жаткан иштер тууралуу айтып өттү.
“Талас”, “Каракол”, “Нарын” жана “Казарман” аэропорттору пайдаланууга берилди. “Манас” аэропортунда модернизация иштери жүрүп жатат, ал эми “Ош” жана “Ысык-Көл” аэропортторунда жаңы терминалдар курулууда. Ошондой эле өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхындагы эң ири долбоор болгон Жалал-Абад облусунда жаңы эл аралык аэропортунун курулушу башталды.
Мындан тышкары “Кыргызстан аэропорттору” ААКы өз каражаттарынын эсебинен өлкөнүн авиация паркын жаңы аба кемелери менен толуктап, “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы үчүн “Бомбардиер Даш-8” үч аба кемеси менен толуктап, ички жана региондор аралык каттамдардын жыштыгын көбөйтүү менен Кыргызстандын аба ташуу тармагындагы позициясын чыңдап жатат”,- деп билдирди ал.
Өкмөт башчы сөзүнүн соңунда авиация – бул өлкөнүн биримдигинин, жарандар үчүн ыңгайлуулук, туристтер үчүн ачыктык жана мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнүн символу экенин кошумчалады.
“Ардактуу авиация кызматкерлери жана ардагерлер, баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Асманыңыздар дайыма ачык, учушуңуздар ишенимдүү, бийиктигиңиздер жаңы болсун!“,- деп куттуктады ал.