Министрлер кабинети чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитти.
Бул жобо чет өлкөлүктөргө Кыргызстанда алыстан иштөөгө мүмкүнчүлүк бере турган атайын статус берүүнүн тартибин аныктайт.
Жобонун негизги максаты — Кыргызстанда инновациялык долбоорлорду жана
экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү үчүн
жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар,
программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүнө жана башка чектеш чөйрөлөргө чет өлкөлүк адистерди жана инвестицияларды тартуу.
Бул статусту ыйгарууга, көзөмөл жүргүзүүгө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жооптуу болот. Министрлик ошондой эле зарыл учурда чет өлкөлүк жаран билдирген иштин түрүн баалоо үчүн мамлекеттик органдарды, адистештирилген компанияларды, эксперттик уюмдарды жана компетенттүү адистерди тартат.
Ал эми Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкерлер катары катталган, “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусунун ээ чет өлкөлүк жарандардын санын эсепке алат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эки айлык мөөнөттө аталган жобону техникалык ишке ашыруу боюнча чараларды көрөт.