Өкмөт калдыктар менен иштей турган «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасын түздү

Өкмөт калдыктар менен иштей турган «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасын түздү

Министрлер кабинети «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасын түзүү тууралуу токтом кабыл алды. Токтом «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.

Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 9-июнда кол койгон.

Ага ылайык, жаңы ишкана калдыктарды башкаруу системасын туруктуу өнүктүрүү жана утилештирүү жыйымдарынын финансылык каражаттарын натыйжалуу пайдалануу үчүн түзүлгөн.

Ишкана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине карайт. Анын жетекчиси аталган министрлик тарабынан дайындалат же бошотулат. Ошондой эле министрлик ишканын уюштуруучусу болот жана анын иш тартибин аныктайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>