Октябрь районунун жаңы акими коррупцияга шектелип кармалды

Октябрь районунун жаңы акими коррупцияга шектелип кармалды

Октябрь районунун акими Константин Куценко коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, ал соттун чечими менен камакка алынган жана конфискациялануучу жер боюнча буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган.

Буга чейин аталган кылмыштын алкагында, Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы “Ч.С.” деген жаран жана Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы “Ж.Н.” кармалган.

«2016-жылы айрым адамдар, Президенттик аппараттын, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, ошондой эле айрым судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөп,  сот чечимдерин жасалмалоо жолу менен конфискациялана турган  мүлктү камактан чыгарып салышкан», — деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.

Бул факты боюнча (“Коррупция”) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Азыркы убакта бул кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызмат адамдарынын жүргөн жерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Константин Куценко жакында эле Бишкектин мэри Балбак Түлебаевдин буйругу менен Октябрь районунун акими болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>