2021-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке жалпы чыгымдар 53 миллион 964,6 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин ушул айдагы кассалык планында айтылды.
Чыгымдардын негизги суммасы 77,2% же 41,6 млн сомду Жогорку Кеңештин аппаратынын чыгымдары түзөт, калган акча иш башкармалыктарга, гаражга жана төраганын резервдик фондуна бөлүштүрүлгөн.
Кошумчалай кетсек, октябрь айында Жогорку Кеңештин аппаратынын чыгымдары үчүн сентябрга салыштырмалуу 9,6% га (37 млн 994,2 миң сом) көбүрөөк бөлүнгөн.