Октябрдан тарта жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйтүлөт

03.09.2021 | 10:29

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү 50 пайызга көбөйтүлөт.

–       ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;

–       ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;

–       атасынан же энесинен айрылган балдарга 1000 сомдон 1500 сомго чейин;

–       атасы менен энесинен айрылган балдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

–       бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;

–       бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 3300 сомдон 4950 сомго чейин;

–       бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 2700 сомдон 4050 сомго чейин;

–       атасы менен энеси белгисиз балдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин.

2021-жылдын 1-октябрына чейин эсептелген ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүнө карата ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн 2022-жылдын 1-январынан тартып 100 пайызга көбөйтүлөт.

–        ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин;

–        ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин;

–       атасынан же энесинен айрылган балдарга 1000 сомдон 2000 сомго чейин;

–       бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин;

–       бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 3300 сомдон 6600 сомго чейин;

–       бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 2700 сомдон 5400 сомго чейин.

2022-жылдын 1-январынан тарта 200 пайызга көбөйө турган жөлөк пулдар:

Атасынан же энесинен айрылган балдарга — 2000 сомдон 6000 сомго чейин;

Атасы менен энеси белгисиз балдарга — 2000 сомдон 6000 сомго чейин.

Айта кетсек, чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.

Scroll to Top