Кыргызстандык 4 окуучу Балиде өткөн International Junior Math Olympiad (IJMO) сынагында алдынкы орунга ээ болушту. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
Маалыматка караганда, математика боюнча олимпиадага 24 өлкөдөн 1 миң 6 бала катышты.
Кыргыз окуучулар 1 алтын, 3 коло медаль алышты. Биринчи орунду Тилек Нурмаматов ээледи.
Белгилей кетсек, IJMO – дүйнөнүн алдынкы университеттери тарабынан кабыл алынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз